www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мештин эшиги кокустан аркасынан тарс жабылып калды.
Акмола облусунун Косшы шаарында гараждын мешинде тумчугуп кете жаздаган баланын абалы туруктуу. Шаардык саламаттыкты сактоо департаменти ал реанимациядан адистештирилген бөлүмгө которулганын билдирди.
Жети жашар бала сиңдиси менен гаражда ойноп жүргөн. Бир убакта алар мешке киришти, анын эшиги кокустан арт жагынан тарс жабылып калды. Балдар өз алдынча чыга албай калышты.

Окуянын кесепетинен кыз ошол жерден каза болгон.

"Бала тез жардам кызматы менен №2 шаардык көп тармактуу балдар ооруканасына жеткирилип, тез арада реанимация бөлүмүнө жаткырылды. Окуя 14-майда болгон. Бүгүн баланын абалы турукташып, реанимациядан жандандыруу бөлүмүнө которулду. адистештирилген бөлүмдө жана толук айыкканга чейин дарылоо улантылат", - деди Коомдук саламаттыкты сактоо департаментинин басма сөз катчысы Айгерим Ардак кызы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости