www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аркадий Рогальский кызматтан бошотулду

Аркадий Рогальский жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары кызматынан бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 17- майда Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин жыйынында белгилүү болду.

Анын ордуна 11-майда Айша Карпаева дайындалган. Буга чейин Рогальский бир нече депутаттын сынына кабылган.

Ага «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Жер казынасы жөнүндө”, “Жер казынасын пайдаланууда продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуулар тууралуу” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү» мыйзам долбоору боюнча Рогальский менен Министрлер кабинети кайчы пикирде экени себеп болгон.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости