www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Орусия президенти Владимир Путин менен жолугушуу учурунда “эки өлкө ортосунда соода-экономикалык кызматташуунун динамикасында жана саясий жактан өз ара аракеттенүүдө иренжүүгө негиз жок” экенин билдирди.

“Орусия Казакстан үчүн соода-экономикалык тармакта негизги өнөктөш бойдон калат. Ошондуктан бул динамика менен соода жана инвестиция көлөмүн сактап гана калбастан, геосаясий жагдайлардан улам жаралган кыйынчылыктарга карабай, аны жогорулатуу– өкмөт алдына койгон тапшырмам”, - деди Токаев.

Анын айтымында, эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүү 25 миллион долларга жетти.

Кремлдин маалыматына караганда, Орусия президенти орус компаниялары Казакстан экономикасына 17 миллиард доллар салганын белгилеген. Анын билдиришинче, “азыр баарына белгилүү жана түшүнүктүү кыйынчылыктарга карабай” өнүгүү бар. Ошентсе да, ЖККУ алкагында талкууланган коопсуздук жана экономикалык мүнөздөгү маселелер боюнча эки тараптуу форматта сүйлөшө турган сөздөр бар.

Дүйшөмбүдө өткөн саммитте орус президенти ЖККУ контингентинин Казакстанга киргизилишине кайрадан токтолуп, бул күч Казакстанда “бийликти экстремисттердин тартып алышына” бөгөт койгонун белгиледи.

Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун мааракелик саммити Орусиянын Украинадагы “атайын аскердик операциясы” үч айга аяк басып, блицкриг планы ойрон болгон учурга туура келди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости