www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Лондон шаарындагы терактка шектелип 12 адам кармалды Лондондогу терактка шектелип 12 адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-июнда чет элдик маалымат каражаттары жергиликтүү укук коргоо органдарына шилтеме берүү менен жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Лондон шаарындагы кол салууну уюштургандыгын "Ислам мамлекети" экстремисттик уюму моюнуна алган. Учурда кылмыш ишине катыштыгы бар деп шектелген 12 адам кармалган.

Алардын ичинен 4өө аялдар. Эске салсак, 4-июнга караган түнү Лондон көпүрөсүндө өтүп бараткан унаа адамдарды сүзүп, андан соң адамдар көп жүрчү "Боро Маркет" районуна жетип, кылмышка шектүүлөр унаасын таштап, көчөдөгү адамдарга бычак менен кол салышкан. Мунун негизинде 3 адам каза таап, 20дай тургун ар түрдүү жаракаттарды алышкан.

Камчыбек Бостон, NazarNews.kg

Москва шаары

Последние новости