www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Лондондогу акыркы теракт Улуу Британияда 8-июнда өтө турган парламенттик шайлоонун алдында алдыңкы эки партиянын жетекчилеринин талаш-тартышына себеп болду.

Консерваторлордун лидери, премьер-министр Тереза Мэй жекшембиде Британия экстремизм көрүнүштөрүнө өтө сабырдуу мамиле жасап келгенин, буга мындан ары чыдоо болбой турганын билдирди. Ал эгер шайлоодо жеңишке жетишсе, террорчулук менен күрөшүү чараларын күчөтүүнү убадалады.

Лейбористтик партия Мэйдин билдирүүсүн шайлоо алдындагы кампанияны саясатташтыруу жана лидери Жереми Корбинге чабуул катары кабыл алды. Өкмөт башчы мурун аны радикалдуу топторго оң көз карашта деп айыптаган жайы бар. Кийинчерээк Корбин атаандашына жооп берип жатып, Мэй жана анын шериктери бюджеттик каражатты катуу үнөмдөө менен атайын кызматтын эффективдүүлүгүн начарлатканын айтты. “Укук коргоо органдарындагы кадр курамы 20 миң кишиге кыскартылган. Коопсуздукту арзан сатып алууга болбой”, -деп белгиледи Корбин.

Манчестердеги терактка чейин Мэйдин өтө солчул позицияда турган Корбинди жеңүү мүмкүнчүлүгү жогору болчу. Бирок теракттардан кийин элдин өкмөткө болгон ишеними төмөндөдү. Акыркы сурамжылоого караганда, консерваторлорго артыкчылык бергендер бир пайызга азайды.

Булак: "centralasian.org"

Последние новости