www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) Лос-Анджелес жана айланасында 8 күндөн бери уланып жаткан өрткө каршы күрөштү татаалдаштырган катуу шамалдын кайрадан таасирдүү болушу мүмкүн экенине байланыштуу жергиликтүү тургундарга эскертүү берилди. Бул тууралуу трт.нет жазып чыкты.
Лос-Анджелес округунун чек арасынын ичиндеги 3 аймакта өрттөр дагы деле өчүрүлө элек.
Итон жана Палисейдс өрттөрү көптөгөн аймактарда миңдеген үйлөргө коркунуч туудурууда.
Шаршембиге чейин улана турган катуу шамал жана төмөн нымдуулуктан улам аймакта «кызыл желек» эскертүүсү берилди.
Шамал күчөп ылдамдыгы саатына 70-110 чакырымга жетиши күтүлүүдө.
Эске сала кетсек, Лос-Анджелес жана айланасындагы өрттөр 160 чарчы километрден ашык аянтты күлгө айландырды. Итон жана Палисейдс өрттөрүндө кеминде 24 адам каза болуп, 23 адам дайынсыз болууда. Болжол менен 150 миң киши үчүн эвакуациялоо буйругу берилди. Апааттан 12 миңден ашуун үй зыян тартты.
Жалпы зыян жана уланып жаткан өрттөрдүн экономикалык жоготуулары 250-275 миллиард долларга жетиши мүмкүн экени айтылууда.