www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Беларусияда Александр Пушкиндин балдар үчүн жазылган «Жомоктор» аттуу китеби кооптуу деп табылды. Бул тууралуу өлкөнүн Мамлекеттик стандартынын расмий Telegram-каналында кабарланды. Бул тууралуу gazeta.ru да жазып чыкты.
Экспертиза көрсөткөндөй, «Умка» брендинин «Алтын классика» сериясындагы продукциясы Бажы союзу тарабынан бекитилген «Балдар жана өспүрүмдөр үчүн арналган продукциялардын коопсуздугу» боюнча техникалык регламенттин талаптарына жооп бербейт.
Адистер китепте сөздөрдүн ортосундагы боштук туура эмес экенин аныкташты. Мектепке чейинки жана башталгыч мектеп курагындагы балдар үчүн арналган китептерде бул боштук шрифттин көлөмүнө барабар болушу керек жана бул китепте 6,016 мм болушу зарыл эле. Бирок «Жомоктордо» ал болгону 1,8 мм түзгөн.
Ноябрь айында балдар жазуучусу Андрей Усачёв жомоктордо кездешкен катаалдыктарды четке какпоо керектигин айткан.
Мурдараак аналитиктер аталган китепти эң популярдуу балдар китептери катары аташкан.