www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Америкалык миллиардер Илон Маск Ак үйдүн комплексинен кеңсе алат. Бул тууралуу The New York Times өз булактарына таянып жазды.
"Мистер Маск үчүн бөлүнгөн бөлмө Ак үйдүн жанында жайгашкан" деп айтылат билдирүүдө.
Кошумчалай кетсек, Маск расмий адамдардан АКШ президентинин кеңсеси жайгашкан Ак үйдүн Батыш канатына кирүүгө атайын уруксат сураган, бирок азырынча жооп ала элек.
Масктын жеке кабинети берилүүдө, анткени ал АКШнын шайланган президенти Дональд Трамптын демилгеси менен өкмөттүк эффективдүүлүк кеңсесин (DOGE) президенттикке мурдагы талапкер Вивек Рамасвами менен бирге жетектейт деп күтүлүүдө.
Маск жана Рамасвами АКШнын учурдагы фискалдык саясаты демократия үчүн "экзистенциалдык коркунуч" деп эсептешет. Ошондуктан катуу чараларды көрүүнү талап кылып жатышат.
Эске салсак, буга чейин Tesla, SpaceX жана X социалдык тармагынын ээси Илон Маск Дональд Трамптын Ак үйгө кайтып келишине жардам берүү үчүн дээрлик 260 миллион доллар короткону кабарланган.