www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Астра» аттуу чоң казинолор жабылганы менен, ошол эле ат менен лотереяга жамынган казино оюндары борбор калаага жайылып кетти. Канчалаган көз жаштар төгүлүп, канчалаган энелер сыздап отурат.

Бул боюнча өкмөттүн башы деле ооруган жок. Укук коргоо органдары көмүскө казино оюндарын кармоону биротоло токтотуп коюшкандай. Акыркы эки жылда көмүскө казинолорду кармоо боюнча бир дагы факты каттала элек.

Демек, оюн автоматтарын, лотереяга жамынган кумар оюндарын дал ошол укук коргоо органдары өздөрү «крышовать» этип жатабы деген ой келет экен. Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Жетигенов буга чейин казино оюндарына тыюу салган мыйзам долбоорун өткөргөн эле. Андан кийин лотереяга жамынган кумар оюндарын жабуу боюнча мыйзам долбоорун даярдап жатканын укканбыз. Ошол мыйзамды кичине тездетсе элдин сообуна калмак. Болбосо жашынан карысына чейин башы айланып, лотереядан чыкпай калышты.

Булак: "Ачык саясат"

Последние новости