www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Көлдө адам өлтүрүүгө шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.
Маалыматка ылайык, 19-февраль күнү милицияга Ысык-Көл райондук ооруканасынын хирургия бөлүмүнөн билдирүү түшкөн. Билдирүүдө 19-февраль күнү саат 23:50 чамасында болжол менен 25-30 жаштагы белгисиз жаранды дене жаракаты менен ооруканага белгисиз адамдар алып келип таштап кеткени жана ал каза болуп калганы айтылган.
Ысык-Көл РИИБдин кызматкерлери териштирүү иштерин жүргүзүшкөн. Анын натыйжасында маркумдун Бишкек шаарынын 1992-жылы туулган тургуну экени аныкталган. Тиешелүү соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин (ден соолукка оор залал келтирүү) негизинде кылмыш иши козголгон.
Кылмышка шектүү катары Чолпон-Ата шаарынын 1993 жана Жети-Өгүз районунун 1993-жылы туулган тургундары аныкталган. Тергөө кызматы тарабынан жүргүзүлгөн алдын ала суракта шектүүлөр өз күнөөлөрүн толугу менен мойнуна алып, маркум менен мурдагы таарынычтары бар экени жана сөгүнүп койгондугу үчүн аны ур-токмокко алгандыгын билдиришкен.
Ысык-Көл райондук сотунун чечими менен шектүүлөр 2 айга убактылуу кармоочу жайга киргизилди.