www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамптын администрациясы Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) жана Мамлекеттик департамент аркылуу берилген чет өлкөлүк жардамдын 90%дан ашыгын токтотууну пландаштырууда. Бул тууралуу Associated Press (AP) маалымат агенттиги кабарлады.

AP агенттигинин маалыматына ылайык, Трамптын буйругу менен USAID тарабынан берилген бардык каржылык жардамга жүргүзүлгөн талдоонун жыйынтыгы атайын меморандумда чагылдырылган. Документте АКШнын 60 миллиард долларлык чет өлкөлүк жардамын токтотуу планы көрсөтүлгөн. Трамптын администрациясы бул пландарын меморандумда жана 27-февралда сотко тапшырылган документтерде баяндаган.

Маалымат агенттиги бул чечим Америка сотунун 26-февралга чейин чет өлкөлүк жардамды каржылоого киргизилген тыюуну алып салуу тууралуу чечиминен кийин кабыл алынганына көңүл бурат.

Трамптын администрациясы 3-февралда USAIDдин ишмердүүлүгүн дээрлик толугу менен токтоткон. Ошондой эле Трамп Мамлекеттик катчы Марко Рубиону убактылуу USAIDдин жетекчиси кылып дайындаган. Агенттиктин ишмердүүлүгүнө байланыштуу уюштуруучулук өзгөртүүлөр Илона Масктын сунушу менен жүргүзүлгөн. Маскты Трамп мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча жаңы ведомствонун башчысы кылып дайындаган.

Последние новости