www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Беларуста кармалган орусиялыктар өлкөдөгү кырдаалдын туруктуулугун бузуш үчүн атайын жиберилгенин президент Александр Лукашенко 4-августтагы жылдык кайрылуусунун убагында билдирди. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалары жазып чыкты.

"Аларга "күткүлө" деген команда берилген. "Стамбулга билети бар эле" дегени - уламыш" дейт Лукашенко.

Анын айтымында, 29-июлда Минскиде кармалган орусиялык "Вагнердин жеке аскердик компаниясынын" жоокерлери дал Беларуска жиберилгенин моюнга алышкан.

Кармалгандарга каршы террордук актыларды даярдоо боюнча кылмыш иши козголгон. Орус бийлиги "алар - Минск аркылуу Түркияга бараткан жеке күзөтчүлөр" деп жооп кайтарган.

Президент Лукашенко 4-августта Беларустун түштүгүнө ташталган дагы бир отряд тууралуу белгилүү болгонун маалымдады. "Минскинин борборунда кыргын уюштуруу аракети айкын эле. Беларуска каршы миллиарддык ресурс коротулуп, жапжаңы технологиялар ишке салынды", - деди ал.

Постсоветтик бул өлкөдө президенттик шайлоо 9-августка белгиленген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости