www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Лукашенко Орусияда Путин менен жолугат

Беларус президенти Александр Лукашенко бүгүн, 20-майда Орусияга иш сапары менен барды.

Маалыматка ылайык, Беларус лидери менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин сүйлөшүүлөрү Сочиде өтөт.

«Ал Орусияга иш сапары менен барган... Александр Лукашенко менен Владимир Путин беларус-орус кызматташтыгынын бардык темаларынын комплексин, эки өлкөнүн өкмөттөрү тарабынан мурда берилген тапшырмалардын аткарылышынын жүрүшүн кеңири талкуулашат», — деп айтылат маалыматта. 

Эске салсак, өткөн дүйшөмбү күнү, 16-майда Орусиянын президенти менен беларус лидери Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) юбилейлик саммитинен кийин кыскача баарлашып, анда алар жакынкы аралыкта өзүнчө толук масштабдуу жолугушуу өткөрүүнү макулдашкан.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости