www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинанын Германиядагы элчиси Андрей Мельник өлкө өз аймагындагы “аскердик операциялар” аяктагандан кийин дароо Түндүк Атлантика альянсына кошула аларын билдирди. Бул тууралуу дипломат Redaktionsnetzwerk Deutschland редакциясына берген маегинде билдирди.

Ошондой эле ал Швеция менен Финляндиянын НАТОго кошулушу Украинадагы кырдаалдын курчушуна алып келбейт деген ишенимин билдирди.

"НАТО Европадагы жана бүткүл дүйнөдөгү коопсуздуктун жападан жалгыз казыгы экенин жана болуп кала берерин көрсөтүп турат", - деп билдирди Мельник

Ал Финляндия менен Швециянын НАТОго кирүү чечими альянстын жагымдуулугун бир топ жогорулатат жана бул Киев үчүн жакшы жаңылык деп эсептейт.

"Бул дагы НАТОго мүмкүн болушунча тезирээк кирүү мүмкүнчүлүгүбүздү жогорулатат деп үмүттөнөбүз", - деди Мельник.

Ошол эле учурда ал Балтика өлкөлөрү менен Польша Украинанын Түндүк Атлантика альянсына кошулушу үчүн «эки кол менен» добуш берерине ишеним билдирди.

Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 18-майында Финляндия менен Швециянын НАТОдогу элчилери альянска мүчө болуу арыздарын баш катчы Йенс Столтенбергге расмий түрдө тапшырышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости