www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бактыбек Мамытовдун сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат

Атактуу алып баруучу жана диктор Бактыбек Мамытов менен коштошуу зыйнаты 21-майда Кыргыз телерадиоберүү корпорациясында саат 12:00дө өтөт. Бул тууралуу КТРК маалымдады.

Билдирмеге караганда, алып баруучунун сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат.

Эске салсак, КР эл артисти Бактыбек Мамытов бүгүн, 20-майда, 72 жаш курагында дүйнө салды. Жакын санаалаштарынын айтымында, ал көптөн бери ооруп жүргөн.

Маркум азыркы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин кыргыз филологиясы факультетинде жогорку билим алган.

Б.Мамытов 1993-жылы Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти наамы менен сыйланган.

2000-жылы кыргыз телеберүүсүнүн отличниги болсо, 2006-жылы «Даңк» медалын тагынган.

2019-жылдын 29-апрелинде Бишкек шаарынын ардактуу атуулу болгон.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости