www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын түштүгүндө дагы бир өзгөчө кырдаал болду.

Лейлек районунун Катран айыл өкмөтүнө караштуу Баул айылында сел жүздөгөн малды агызып кеткен. Жергиликтүү тургундардын айтымында, 19-май күнү саат 17:10 чамасында катуу жааган жамгырдан улам сел жүрүп, 400гө жакын койду агызып кеткен.

Өлкө аймагында май айынан баштап нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын жана Талас облустарынын көпчүлүк аймактарын кокту-колоттордон чогулган сел суулары каптаган. Бул маселе туралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бир катар суроолорго супсак статистикага таянып жооп берүү менен чектелди.

-- Саламатсызбы, селдин кесепетинен Кыргызстандын кайсы аймактарында кыйроолор болду?

--Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу С.Атабеков, Сузак, Барпы айыл өкмөттөрүнө караштуу 410 турак үйгө, 12 социалдык имаратка суу кирген.  Ошондой эле, 497 турак үйдүн короолорун суу каптаган. Ушундай эле кырдаал Ош облусунун Алай, Ноокат, Өзгөн районударуна тиешелүү айыл өкмөттөрүндө да жаралган. Облус боюнча, жалпысынан, 348 турак үйдү, 3 социалдык объектти сел каптаган. Ал эми 18-майда Ош облусунда Жаңы-Арык – Кызыл-Суу унаа жолунун 4-чакырымындагы Ак-Терек тилкесин, 14-чакырымынын Учкун тилкесин жана 28-чакырымында жайгашкан Өзгөн районунун Кара-Таш тилкесин сел суулары каптап, каттамды жаап калган. 

--Бул жыл сайын кайталануучу жагдай, селди алдын алуу үчүн кандай иш чаралар жүргүзүлдү?

Жаз-жай мезгилдеринде жүрүүчү селдин алдын алуу иштери жасалып, аймактардагы сел өтүүчү каналдарды, арыктарды тазалоо, жээктерди, дамбаларды бекемдөө иштери жүргүзүлгөн.

-- Өлкө бюджетинен жылына канча каражат Өзгөчө кырдаалдар министрлигине бөлүнөт?

-- Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алдына коюлган милдеттерди аткаруу максатында селдин, кар жана жер көчкүлөрдүн кесепеттерин жоюуга, дамбаларды, жээктерди бекемдөөгө жылына орто эсеп менен 400-450 млн сом бөлүнөт. Анын 68 млн 900 миң сому кесепеттерди жоюу иштерине королот. Бул каражат алдын алуу, селдин кесепеттерин жоюу учурунда тартылган техника үчүн күйүүчү-майлоочу майга, техниканын запастык бөлүктөрүнө, цементке, арматурага, габион торчолоруна,  “Жашыл долбоор” жашылдандыруу долбооруна жумшалат.  Мындан сырткары, өзгөчө кырдаалдардан жана кырсыктардан кийинки калыбына келтирүү курулуш иштерине 198 млн 575,1 миң сом бөлүнүп берилет.

Эске сала кетсек, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине (ӨКМ) жыл сайын бюджеттен 2 миллиард 460 миң сом бөлүнөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости