www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Беларустун президенти Александр Лукашенко бейрасмий каналдар аркылуу ага «Украина аймагынан Беларуска сокку ураары тууралуу эскертүү берилгенин» ырастады. Анын айтымында, ал Орусиянын президенти Владимир Путин менен биргелешкен аймактык аскерлер тобун киргизүү боюнча макулдашты.

«Бул топту түзүү башталды. Менимче, эки күндөн бери жүрүп жатат. Бул топту түзүүнү баштоо менин буйругум болду», - деди Лукашенко аскерлер жана коопсуздук күчтөрү менен жолугушууда.

Ал Путин менен келишим КМШнын Санкт-Петербургдагы бейформал саммитинен кийин жеке жолугушууда түзүлгөнүн кошумчалады.

«Союздук мамлекеттин батыш чек араларынын курчушуна байланыштуу биз Россия Федерациясы менен Беларусь Республикасынын аймактык тобун жайгаштыруу жөнүндө макулдаштык. Мунун баары биздин документтер боюнча. Эгерде коркунучтун деңгээли азыркыдай деңгээлге жетсе, анда биз Союздук топторду колдоно баштайбыз», - деди Беларусь президенти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости