www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШдагы Дэйвис шаарында Калифорния университетинин хирургдары тарыхта биринчи ирет энесинин курсагындагы түйүлдүккө операция жасашты. Бул тууралуу UC Davis Health жазды.

Окумуштуулар "омурткадагы жарака" деп аталган сейрек кездешкен тубаса кемтик илдетти дарылоого аракет кылышкан. Бул дартта ымыркайдын омурткасы апасынын курсагында жатканда эле туура эмес өсөт.

"Мында баланын буттары шал, оорукчан болуп төрөлөт. Ага жеткирбеш үчүн дарыгерлер энеси кош бойлуу кезде операция жасап, аны дарылоого аракет кылышат. Операцияда омуртканы туураласа болот", — деп айтылат маалыматта.

Биринчи келин кош бойлуулугунун 25-жумасында операция жасатып, ушул жылдын сентябрь айында көз жарган. Эгер ага убагында жардам көрсөтүлбөгөндө, бөбөктүн буту шал болуп төрөлмөк.

Окумуштуулар өздөрүнүн ыкмасы боюнча корутундуну түйүлдүк кезинде операция жасалган бөбөктөр алты жашка толгондо чыгарары айтылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости