www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 10-октябрда Өзгөн шаарында жергиликтүү тургундар Кемпир-Абад суу сактагычын өткөрүп берүүгө каршы митингге чыгышты.

Маалым болгондой, учурда райондук администрациянын жанында 60ка жакын адам чогулду.

Митингчилердин бири бүгүн суу сактагычты өткөрүү маселесине кайдыгер карабагандардын баары райадминистрация имаратынын жанына чогулганын билдирди.

«Кемпир-Абад маселеси Бишкекте каралып жатат. Бул маселе элдин пайдасына чечилет деп ишенебиз. Биз бардык депутаттарга айткыбыз келет, сиздердин мандатыңыздар беш жылга берилди, Кемпир-Абад дайыма болот», - деди ал.

Кыргыз бийлиги кыргыз-өзбек чек арасын тактоо иштери аяктап калганын жарыялаган. Апта башында негизи документтерде Анжиян суу сактагычы деп жүргөн, Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча нааразылыктар чыккан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости