www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Лукашенко шашылыш ант берди

Александр Лукашенко Беларусь мамлекетинин президентинин ыйгарым укуктарын аткарууга киришти. Инаугурация салтанаты Минск шаарындагы Эгемендик ордосунда өттү. Бул тууралуу БелТА басылмасы жазды. Инаугурация тымызын даярдалып, анын датасы тууралуу алдын-ала айтылган эмес.

Беларусь Республикасынын Конституциясына ылайык, президент ант бергенден кийин ыйгарым укуктарын аткарып баштайт.

Белгилей кетсек, Александр Лукашенко оң колун Конституцияга коюп, беларусь тилинде ант берди. Ал ант бергендиги тууралуу актка кол койгондон кийин Шайлоо жана республикалык референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы Лидия Ермошина Беларусь Республикасынын президентинин күбөлүгүн тапшырды.

Эске салсак, Беларуста президенттик шайлоо 9-августта өткөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости