www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews.kg маалымат агенттиги "Аравандагы окуя боюнча айрым инсандарга "жаңжалды баштаган негизги күнөөлүүлөр жазаларын алышабы же милицияларды кызматтан алып, окуяны башка нукка буруп кетүүнүн аракетин көрүшөбү?" деген суроо менен кайрылдык.

- Мен билгени Аравандагыдай абал Кыргызстандын бардык жеринде эле    болуп жатат. Болгону Аравандагы ачыкка чыгып, коомчулуктун көңүл борборуна алынып калды. Үлкөн партиялар спортчуларды бөлүп катарына киргизип алган, баарында эле спортчулар кара күчтөрүн сынап жатышат. Башкасын кой, форма 2нин азабынан имамдар да саясатка аралаша баштады. Кечээ айылга барып, айылдагы форма 2нин азабынан жаралган абалды көрүп зээним кейиди. Бир эле кишини бардык партия форма 2ге каттоого ашыгып  жатышат. Саясат менен иши жок молдолор да “кечээ эле тигиге барбадың беле, бүгүн буга эмнеге баратасың?” деп алар өзүнчө кыйын. Кыскасы, зарылчылыгы жок жерден чыккан форма 2 саясат менен иши жокторду да аралаштырып, абалды оорлоштуруп жатат. Эми шайлоо тынчтык менен өтсө экен дейли. Болбосо форма 2нин азабынан шайлоонун жыйынтыгын тааныбайбыз деп маселе жаралбаса эле болду. Чынында форма 2нин айылга эмне кереги бар эле?

Булак: NazarNews.kg

Последние новости