www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын медициналык академиясында дарыгерлердин резервдик кадрын даярдоо максатында COVID-19 боюнча окутуулар өтүп жатат. Бул тууралуу аталган окуу жайдан кабарлады.

Маалыматка ылайык, бүгүн медиктерге биринчи лекция дистанциондук негизде окулду.

"Лекцияга мугалим-дарыгерлер, ординаторлор жана жогорку курстун студенттери катышып, пандемия боюнча клиникалык протоколдун жаңы версиясын окуп жатышат", — дешти окуу жайдан.

Белгилей кетсек, билим алып жаткандардын бардыгы дарыгерлердин резервине кирет. Алар муктаждык жаралса коронавирус инфекциясы менен күрөшүүгө тартылат.  Ал эми курска катышкандарга кийин сертификат берилет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости