www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-Жылдыз айым, “Мекеним Кыргызстан” партиясын неге тандадыңыз, бул партияга басым коюшуңузга эмне себеп болду?

-Менин “Мекеним Кыргызстан” партиясын тандашыма партиянын курамы, команданын күчтүүлүгү жана ар бир тармак боюнча жазылган партиянын программасы себеп болду. “Мекеним Кыргызстан” партиясынын программасы ар бир жарандын жашоо шартын жакшыртууга багытталган. Ошондой эле программада мамлекеттик аппаратты модернизациялоо: штаттык санды кыскартып, мамлекеттик органдардагы кайталанган функцияларды жоюу зарылчылыгы жазылган. Ал эле эмес, Жогорку Кеңештин депутаттарынын санын эки эсе кыскартуу боюнча да орундуу сунуш берилген. Ашыкча чиновниктерден арылып, бюджетти үнөмдөп, үнөмдөлгөн каражатты башка зарыл маселелерди чечкенди жолго коюшубуз керек...

-“Мекеним Кыргызстан” партиясынын программасы элдин жаркын жашоодо жашашына шарт түзөт деп ишеним артсак болобу?

-Албетте, “Мекеним Кыргызстан” партиясынын бардык аракети элдин турмушун жакшыртууга басым коюлган. Ошон үчүн сунуштар менен кошо абалдан чыгуунун жолдору сунушталып, ар бир тармак көз жаздымда калган эмес. Инфраструктураны өнүктүрүү боюнча да инвестициялык программа сунушталган. Кыскасы, “Мекеним Кыргызстан” партиясынын программасы реалдуу долбоорлордун топтому десек да болот. Ошондой эле программа популизмден алыс жана өзгөчөлүктөргө бай экенин баса белгилегенибиз да ашыкча болбойт деп ойлойм.

-Кудай буюруп, мандатка ээ болуп калсаңыз кандай иштер менен алек болосуз? Кайсыл тармакты көтөрүүгө салым кошосуз? 

- Эгер депутат болуп калсам, социалдык маселелерди чечүүнү колго алам. Андан тышкары жетим, жесир балдардын татыктуу билим алуусуна көмөктөшөм. Дегеле калктын аялуу катмарларына кол-кабыш кылам, зарыл болгон маселелерин чечүүнүн жолун сунуштайм деген тилегим бар. Ошондой эле мамлекеттик мүлктү ижарага берүү мыйзамына өзгөртүү киргизсем дейм. Анткени, ал мыйзам чиновниктерге ыңгайлашып жазылган. Мен депутат болуп калсам, ошол мыйзамды оңдоо түзөө киргизем. Себеби, мен Кыргызстандын жерлерин жана мамлекеттин мүлкүн чет элдиктер ижарага алып, анан биротоло сатып алышына каршымын. Мыйзамдагы калпыстыкты жоюп, мамлекеттин мүлкүн, жерин көздүн карегиндей сакташыбыз керек деген ойдомун.  Буюрса, жаңы жүздөргө басым кылган, иштин көзүн тапкандардан куралган “Мекеним Кыргызстан” партиясы ийгиликке жетсек, мына ушундай маселелерди да көз жаздымда калтырбайбыз. Мамлекеттин жакшы багытка бурулушуна салым кошобуз деген тилекте Бишкек шаарынан талапкер болдум.

Урматтуу, шайлоочулар! Шайлоо күнү “Мекеним Кыргызстан” партиясына добуш бериңиз. Сиздин добуш, биздин жеңиш. Биз ийгиликке жетсек, мамлекетибиз да жеңишке жетишет.

“Мекеним Кыргызстан” партиясы төгөрөгү төп келишкен № 4 – тизмеде!

Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

Последние новости