www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-сентябрда, Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов менен онлайн кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

Маалыматка ылайык, Башкы прокурор мыйзамдуулуктун сакталышына көзөмөл кылуу боюнча азыркы тапта жасалып жаткан иштер, ошондой эле Коопсуздук кеңешинин, Соттук реформа боюнча кеңештин чечимдеринин ишке ашырылышы, анын ичинде кылмыш сот өндүрүшүн санариптештирүү боюнча жүргүзүлгөн иштер жөнүндө маалымат берди.

Муну менен бирге Жамшитов 17-сентябрындагы Коопсуздук кеңешинин чечимдерин аткаруу максатында жумушчу топтор түзүлүп, кылмыш иштерин иликтөөнү соттун кароосуна жеткирүү, келтирилген экономикалык зыядарды кайтаруу боюнча көзөмөл күчөтүлгөнүн кошумчалады.

Ошондой эле шайлоо мыйзамдарынын сакталышына, ишкерлердин укуктарын коргоо боюнча прокуратура органдарынын иши жөнүндө айтып берди. Башкы прокуратуранын ишкерлер менен инвесторлордун укуктарын коргоо жаатында буга чейин түзүлгөн атайын бөлүмүнө акыркы мезгилде 30дан ашуун арыз келип түшкөн, алар боюнча иштер жүрүп жатат.

Мындан сырткары, Жамшитов Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү маалында мыйзамдуулукту камсыз кылуу максатында Башкы прокуратуранын штабы түзөлгөндүгүн, анын менен катар бардык облустарда жана Бишкек, Ош шаарларында ушундай эле штабдар уюштурулганын билдирди.

Азыркы учурда ЖМК, интернет-ресурстарындагы билдирүүлөргө жана жарыяланган материалдарга мониторинг жүргүзүлүп, келип түшкөн даттануулар менен кайрылуулар каралып жатат.

Башкы прокурор билдиргендей, ЖМКлардагы жана интернет ресурстарындагы шайлоо боюнча 55 публикацияга мониторинг жүргүзүлгөн, алардын 26сы Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине (КЖБР) катталган, андагы 18 факты боюнча кылмыш тартибинде, ал эми жоруктар боюнча 8 фактыга сотко чейинки өндүрүш башталган.

"Соттук реформа боюнча кеңештин чечимдерин ишке ашыруу алкагында соттук-укуктук реформанын жүрүшү жана КЖБРдин киргизилиши жөнүндө айтып берди. Тиешелүү иштер жүргүзүлүп, эксперттер менен кызыкдар тараптардын катышуусунда жолугушуулар өткөрүлүп, азыркы учурда сот, сот-аткаруу блокторун жана пробацияны КЖБРге интеграциялоо тесттик режимде жүргүзүлүп жатат" - деди Жамшитов.

Президент Сооронбай Жээнбеков бул багыттагы иштерди тездетип бүткөрүүгө көңүл бурду.

Мамлекет башчысы Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүүдө Конституция менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышын кыйшаюсуз камсыз кылуу зарылдыгына токтолду.

Ошондой эле прокуратура органдарынын ишмердигин санариптештерүү, мамлекеттик бийлик органдарынын, укук коргоо жана сот органдарынын ишмердүүлүгүнөн коррупциялык көрүнүштөрдү түп-тамырынан бери жок кылуу боюнча чараларды күчөтүү зарылдыгын баса белгиледи.

Прокуратура органдарын коррупциялашкан жана таза эмес кызматкерлерден тазалоо процессинин маанилүүлүгүн белгилеп, ички коопсуздук бөлүмдөрүнүн ишин күчтөндүрүүгө чакырды. Мамлекет башчысы жарандардын кайрылуулары менен иштөөгө өзгөчө көңүл буруп, аларга толук кандуу жана реалдуу жоопторду берүү зарылдыгын баса белгиледи.

Президент соңунда жарандардын укуктарын коргоону камсыз кылуу көп учурда прокуратура органдарынын ишмердигинин тазалыгы менен ачык-айкындыгынан көз каранды болорун айтты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости