www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Беларустун президенти Александр Лукашенко Россия лидери Владимир Путин менен жолукканда Украинадагы тынчтык процесстери боюнча РФтин кадамдарын Минск колдоорун, кепке келгенге бардык негиздер бардыгын айтты. Бул боюнча РИА Новости жазды.

"Бул чатактагы тынчтык процесси боюнча Россиянын жетекчилигинин, сиздин позицияны толук колдойм. Кепке келип, сүйлөшүү үчүн бүгүн бардык негиздер бар. Бирок алар муну каалашпайт, эмнеге экени түшүнүктүү", — деген Лукашенко.

Анын айтымында, "эгерде океандын ары жагындагылар тынчтык тууралуу сүйлөшкүсү келсе, аны Украинадагылар да угат".

"Украиналыктар өзгөчө эл, билиши лаазым. Бул бизден көз каранды эмес, топ алардын тарабында", — деген Лукашенко.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости