www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жекшемби күнү кечинде Беларустун президенти Александр Лукашенко тик учак менен Минскидеги резиденциясына учуп барды. Бул тууралуу өлкөнүн мамлекеттик «Белта» маалымат агенттиги билдирди.

Басылма Телеграм-каналына мамлекет башчынын резиденцияга конгон тик учактан түшүп, имаратты көздөй баратканы тартылган видеону жарыялады. Анда Лукашенко бронежилет кийип, колуна автомат кармап жүргөнүн көрүүгө болот.

Башка видеодо резиденцияга президент менен чогу анын 15 жаштагы уулу Николай да учуп келгени тартылган. Ал да колуна курал алып, бронжилет жана каска кийип алган.

t.me/belta_telegramm/16013

 

23-августта «Жаңы Беларустун жүрүшү» деп аталган оппозициянын акциясына болжол менен жүз миңден ашуун адам чыкты. Бул тогуз жарым миллион калкы бар Беларустун тарыхындагы эң ири акция болуп калды.

Демонстранттар президент Александр Лукашенконун кызматтан кетишин, жаңы шайлоо өткөрүлүшүн талап кылышты. Алар кечки алтыдан кийин катуу жааган нөшөрдөн улам үйлөрүнө тарап кетишти. Бул маалда Минскиде Интернет да үзгүлтүккө учурай баштаган.

Иш-чараны утурлай Коргоо министрлиги билдирүү таратып, мыйзам бузгандарга полиция эмес, армия чара көрөрүн эскерткен.

Булак: centralasian

Последние новости