www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Беларустун президенти Александр Лукашенконун инаугурациясы 25-мартта өтөт. Бул тууралуу БелТА агенттиги билдирди.
Маалыматка караганда, Минскте президенттин расмий түрдө ишке киришине байланыштуу салтанаттуу иш-чара өткөрүлөт. Ага депутаттар, Жогорку соттун жана Конституциялык соттун судьялары катышат. Лукашенко ант бергенден кийин БШКнын төрагасы президенттин күбөлүгүн тапшырат.
Александр Лукашенко Беларустун президенти болуп кийинки мөөнөткө 26-январда өткөн шайлоодо дайындалган. Анда Александр Лукашенко жеңишке жетип, шайлоочулардын 86,82% добушун алган.
Лукашенко ушуну менен президенттик кызматка жетинчи жолу расмий киришет.