www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Социалдык тармактын колдонуучулары журналист Канышай Мамыркулованы кармап кеткенин жазышууда. Жарандык активист Аманбол Бабакулов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу түз эфирге чыгып, ага Канышай Мамыркулованын кызы чалып, апасын кармап кеткенин айткан.
Анын айтымында, Мамыркулованы кимдер кармап кеткени белгисиз болуп жатат. «Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына келдим. Бул жакка анын жеткирилбегенин айтышты. Азыр анын кайда экени белгисиз болуп жатат», — деди ал.