www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Эгерде силер акмак болсоңор, бара бергиле». Лукашенко Варшавада шайлоо күнү өтө турган «митинг» кантип уюштурулганын айтып берди

Франс Пресс агенттигинин журналисти Варшавада чоң митинг өтүп жатканын белгилегенге аракет кылды. Бирок Александр Лукашенко муну четке кагып, иш-чаранын чындыгында анчалык масштабдуу эмес экенин, ал жерде болгону бир нече ондогон адамдар чогулганын, миңдегендер жок экенин айтты. «Элди күлдүрбөгүлө. Бул митинг кандай уюштурулганын мен жакшы билем. Эч кандай митинг болгон жок, анткени каржылоо токтотулду (АКШнын жаңы президенти кызматка киргенден кийин. — БЕЛТАнын түшүндүрмөсү), Трамп акча берген жок», — деди Лукашенко.

Ал батыш маалымат каражаттарынын журналисттери көп учурда окуяларды бурмалап көрсөткөнүн белгилеп, митингдерди чагылдырууда катышуучулардын санын атайын көбөйтүп көрсөткөн учурлар болгонун айтты, мисалы, 2020-жылы Минсктеги окуялар. «Силердин айтып жаткан (Варшавадагы көп миңдик митинг жана ага элдин эмне себептен келгенин түшүндүргөн — БЕЛТАнын түшүндүрмөсү) нерселериңер — бул жалган», — деп баса белгиледи Лукашенко.

Президенттин айтымында, тиешелүү органдар ага Варшавадагы акцияны кантип даярдашканы тууралуу маалымат беришкен. Ал жакта уюштуруучулар арасында чоң уруш чыгып, кээ бирөөлөр миң адамды да чогулта албайбыз деп митингди өткөрүүнүн кажети жоктугун айтышса, башкалары ага карабай иш-чараны өткөрүүнү талап кылышкан.

Лукашенко тиешелүү кызматтарга митингге катышкан, Беларустун жарандарына тиешеси бар адамдарды аныктоону тапшырганын айтты. «Биз аларга эскертип койдук: силердин туугандарыңар, ата-энелериңер, жакындарыңар бул жерде жашайт. Алардын башын коркунучка салбагыла. Ал эми силер менен биз өзүнчө сүйлөшөбүз, — деди Президент. — Алар (болочок катышуучулар. — БЕЛТАнын түшүндүрмөсү) муну түшүнүп: "Эгерде силер акмак болсоңор, бара бергиле. Биз барбайбыз. Биздин туугандарыбыз (Беларустагылар) кыйынчылыкка туш болбосун. Ошондой эле, өзүбүз дагы качандыр бир мекенибизге кайткыбыз келет", — дешти».

Последние новости