www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда онкология оорусу менен ооругандардын саны өсүп жатат, деп билдирди "АКИpress" маалымат агенттигине Улуттук онкология жана гематология борборунун директору Нурбек Букуев.
Анын айтымында, бул ооруну аныктоо процесинин сапаты жылдан-жылга жакшырып жатканы менен байланыштуу.
«Диагностикалык жабдыктар жакшырып, бейтаптарыбыздын билим деңгээли да жогорулап жатат. Биз ооруну рактын алдындагы стадияда жана атүгүл баштапкы стадияда аныктоого кириштик. Биз мындай бейтаптарга көбүрөөк көңүл буруп, оору күчөп кетмейинче, алгачкы баскычтарында дарылап жатабыз.
Мындан тышкары, оорулардын санынын өсүшү айлана-чөйрөгө, тамактануу мүнөзүнө, зыяндуу адаттарга байланыштуу. Мунун баары таасирин тийгизет.
Мындай тенденция биздин Кыргызстанда гана эмес, дүйнө жүзүндө байкалууда. Бул дүйнөлүк проблема. Оорулардын санынын көбөйүшү бардык жерде катталып жатканын статистика көрсөтүп турат»,- деди ал.