www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 31-августта Александр Лукашенконун кенже уулу Николай 16 жашка толду. Ал Беларусь президентинин үчүнчү жана эң сүйүктүү уулу. Бул тууралуу  комсомольская правда басылмасы жазды.

Николай бала чагынан эле коомчулукка белгилүү боло баштаган. Алгач көпчүлүккө үч жашында чыккан. Андан бери атасы менен чет мамлекеттеги сапарларга кошо барып, ишембиликке катышып, фестивалдарга барып, шайлоолордо урнага бюллетень таштап, аскердин формасы менен куралдуу күчтөрдүн машыгууларында болуп турган.

Ошондой эле резиденцияда түшүм жыйнап, кино жана спорт жылдыздары менен жолугуп, белектерди тапшырып турган.

Мындан сырткары, Ватикан, Кытай жана АКШга эл аралык сапарлары менен барып келген. Коля Лукашенко БУУнун башкы ассамблеясынын сессияларынын эң жаш угарманы болгонун да белгилей кетели.

Батыш-2009 ыкчам-стратегиялык машыгууларынын акыркы этабы. Дмитрий Медведев жана Александр Лукашенко уулу Николай менен.

Коля атасы менен бирге картошка казып, парад учурунда башкы командирдин жанындагы трибунада туруп, чогуу спорт менен машыгышкан. Лыжа тебүү, муз тебүү, хоккей ж.б.

Николай Владимир Путин, Мишель жана Барак Обама, Уго Чавес, Виктор Янукович жана Виктор Ющенко менен жакшы тааныш.

2015-жылы Александр Лукашенко Коляны өзү менен кошо Бээжинге алып барып, Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин менен тааныштырган. Анын жубайы Пен Лиюань - Кытай Эл Республикасынын төрайымы баланы кучактап,тургай бетинен өпкөн. Беларусь президентинин уулу кытайлык интернет колдонуучуларды өзүнө тартып алган, ошондон бери Кытайда Коля Лукашенко "алтын ханзаада" деп аталып калган.

2011-жылы Коля биринчи класска Острошицко-Городок орто мектебине барган (Минск шаарына жакын, президенттин резиденциясынан алыс эмес жерде жайгашкан айыл. - Ред.). Мугалимдер баланын тырышчаактыгын жана акылдуулугун белгилешти, кадимки жалпы билим берүү программасынан тышкары, ал бир нече чет тилдерди: англис, испан, кытай тилдерин интенсивдүү үйрөндү, музыканы ийгиликтүү үйрөнөт - фортепианодон сабак алат.

 

Ал рим-католик чиркөөсүнүн башчылары Папа Бенедикт XVI жана Папа Франциск менен жолугушкан. АКШнын мурдагы президенти Барак Обама, Венесуэланын президенти Уго Чавес, Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин менен да жолугушкан. Ошондой эле Владимир Путин, Дмитрий Медведев, Нурсултан Назарбаев, Ильхам Алиев, Эмомали Рахмон жана башка саясатчылар менен жакшы тааныш.

Николай 2016-жылы россиялык журналистке маек берип жатып, атасы сыяктуу өлкө башчы болууну каалабай турганын айткан. Азыр Лукашенконун уулу жаш хоккейчи жана биатлончу катары таанымал. Бош убактысында фортепианодо ойнойт. Ошондой эле атасына ар тараптан кеңеш жана колдоо көрсөтүп турат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости