www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Лунара Мамытова иштеп аткан түр көрсөтүп чоёктогонун качан коёт? Орун басар айым тоону томкоруп иштеп жаткансып, министрликке жардам сурап, арыз-арманын айтып кайрылган жарандардын кат-кайрылууларын болгонун болгондой,“күн сайын ушундай каттар келет” деп Инстаграм баракчасына жарыялап турат. Кайрылуучулардын каттарындагы жеке маалыматтарды жаап-жашырбаган мындай кабарларды орун басар айым социалдык түйүндөргө бат-баттан чыгарып тураары айтылууда.

Алардын жеке тагдырындагы көпчүлүккө ачык айтпай турган, сыр туткан окуялары кызмат адамдары тарабынан ачык жарыяланбашы, ал кайрылуучулардын жеке жашоосуна тескери таасир берип калышы мүмкүндүгү Лунара Мамытованы кызыктырбайт деле окшобойбу.

Же дикторлуктан кайып буйруп парламентке түшүп калып, партиялык лобби аркылуу министрдин орун басарлыгына секирген бул айымдын укуктук сабаты мандемдүүбү? Лунара айым Конституцияны, Жарандык кодексти жана “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамдын жоболору менен тааныш эмеспи? Аталган мыйзамдын 11-беренесинин 3-пункту “жарандын жеке жашоосуна тиешелүү маалыматтарды, анын макулдугусуз жарыялоого жол берилбешин” так-даана айтып турат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости