www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алымкадыр Бейшеналиев:

Кыргызстандагы дарыгерлердин жаңы айлыгы канча боло турганы белгилүү болду.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду берген маалыматка ылайык, сертификацияланган үй-бүлөлүк дарыгерлер жана жалпы практикадагы дарыгерлер жакында эле өкмөт кабыл алган токтомго ылайык, жаңы тарификация менен айлык алышат.

Негизги эмгек акы 5 миңден 10 миң сомго көтөрүлдү. Бирок индикаторлор алынып салынды. ММКФнин маалыматы боюнча индикаторлордун негизинде орточо айлык 13,5 сомго жетип, жогорку айлык маяна 19,8 миң сомго жетчү. Башкача айтканда, айлык көбөйбөй эле азайды. Дарыгерлер буга нааразы.

Эске салсак, жаңы система боюнча айлык төлөө демилгесинин автору министр өзү болчу.

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев "доктурлар элди алдап келишкен" дейт. Анын маалыматы боюнча, медиктер кант диабети жана онкологиялык оорулары бар бейтаптардын илдетин баштапкы стадиясында аныктоонун ордуна аларга түрдүү оорулар менен ооруйт деп кошуп жазышкан.

--"Бизде кош бойлуулар көп, бирок төрөлгөн балдардын саны ошончолук көбөйгөн жок. Калкыбыздын баары эле кант диабетинен жабыркайт имиш. Элди алдаган болбойт", - дейт министр.

Анын айтымында, алдабай, чынчыл иштеп аз айлык алып жүргөн медиктердин маянасы көтөрүлгөн. 

ММКФнин маалыматы боюнча, бардык сертификациядан өткөн үй-бүлөлүк дарыгерлер жана калкка алгачкы медициналык-санитардык жардам көрсөткөн жалпы практикадагы дарыгерлердин негизги эмгек акысы 5 миң сомдон 10 миң сомго чейин көтөрүлдү.

Бийик тоолуу аймакта жана республиканын алыскы райондорунда, айыл жергесинде жана өзгөчө эмгек шартында иштегендердин бардык кошумча төлөмдөрү жана компенсациялык кошуп төлөөлөрү сакталат.

Андан тышкары, "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери", "Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоосунун мыкты кызматкери" ардактуу наамы барлардыкы, квалификациялык категориясы жана көп жыл кызмат өтөгөндөрдүкү да стимулдоочу кошуп төлөөлөр сакталат.

Ошондой эле, эмгектик катышуусунун коэфиценти (коэффициент трудового участия) аркылуу төлөнүүчү кошумча айлык акы мурунку бойдон калат.

Сертификациядан өткөн үй-бүлөлүк дарыгерлер жана жалпы практикадагы дарыгерлердин айлыгы орто эсеп менен 17 000 сомду түзөт. Сертификациядан өткөн бирок иш тажрыйбасы жана категориясы жок дарыгер орто эсеп менен 10 000 сом айлык алат (салык эске алынбаганда).

Булак: NazarNews.kg

Последние новости