www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарында кайрадан таза суу берүү токтотулду

Ош шаарында ичүүчү сууну берүү кайрадан токтотулду. Бул тууралуу «Ош шаар суу канал» ишканасы билдирди.

Ага ылайык, таза суу нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Ак-Буура дарыясындагы суунун ылайланышы нормадан жогору болгондугуна байланыштуу өчүрүлүп жатат. Ушундай эле себеп менен Ош шаарында мындан үч күн мурун дагы суу берилбей калган.

Учурда Ош шаарынын Түштүк-Чыгыш, ХБК, Туран кичи райондорунда, Достук, Калинин массивдеринде жана башка аймактарда суу жок.

Мындан улам «Ош шаар суу канал» ишканасы жашоочуларга водовоз менен суу ташып келип бере турганын билдирди.

Таза сууну шаардыктар төмөнкү телефондор аркылуу чалып ала алышат:

0 556 039599; 0 556 460585; 0 559 566671; 0 558 140888;

8-11-15; 8-11-51; 5-04-16;

105.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости