www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев таңкы рейддин алкагында тиешелүү кызматтар менен биргеликте №65 М. Сабиров атындагы жалпы билим берүү мекемесинин аймагын кыдырып чыкты.

Иш-чаранын жүрүшүндө мектеп аймагына курулуп калган турак жайлардын мыйзамдуулугун текшерүү боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүү тапшырмасы берилди. Шаар башчысы мыйзамсыз берилген жер тилкелери аныкталган учурда тиешелүү кызматтар тарабынан 1-мартка чейин мектеп аймагын бошотуу боюнча эскертүү кагаздарын тапшырууну милдеттендирди.

Ошондой эле рейддин алкагында мэр ар бир окуу каанасына кирип, окуучулар жана мугалимдер менен баарлашып, мектепте түзүлгөн шарттар менен таанышты. Анын жыйынтыгында 2026-жылы мектепти толук реконструкциялоонун зарылдыгын белгилеп, бир класстын окуучуларына жана мугалимине өз эсебинен белек берерин билдирди.

Белгилей кетсек, буга чейин Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев билим берүү мекемелеринин аймагындагы жерлерди коргоо жана мыйзамсыз курулуштарга жол бербөө боюнча иштер күчөтүлөрүн билдирген.

Последние новости