www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Кыргыз" - бул ысымдын ичинде, кассаң бүтпөгөн улуу тарых, улуу жол жатат. Эзелки ички аруу маданиятыбыз калыптанып, сөз баркын билүү, сөз атасын сыйлоо-кадырлоо, кан жаныбыз менен келе жаткан бөксөргүс баалуулук экенин ким таанып, ким жокко чыгара алат?! Кадыр-баркыбызды бөтөндөргө каада-салтыбыз, улуттук-баалуулугубуз менен бийикке көтөрүп келген элбиз.

Тарых беттеринде "Улутубуздун" күзгүсү болгон уул-кыздарыбыз, мекенчил жигиттерибиз, "Кыргыз" - деген улуттун карманган түндүгү болуп келбедиби. Ал түндүкө сайылчу ууктарыбыз, баалуулукту унутуп, улуттук кадыр-барк, сөз кастарлоо ички-сырткы маданиятты мите курттай жеп жатканы өкүнүчтүү! Баардыгын шоу-дүйнөгө жеңил-желпилике айландырууда. Мен өз атын 21-кылымдын Кожомкулу атаган жигитке, бул сөздөрдү улуттук деңгээлде айтып жатканыма уялып турам.

Макул, ал өз короосунда өз дүйнөсүндө каалаганын кууруп жесин. Ал эми сахнага, эл көзүнө өнөрдүн аркасында чыгып жаткандан кийин, сахнанын улуу маданияты бар. Оозубузга келгенди, оттоп сүйлөй берүүгө жарай бергидей биздин маданиятыбыз жердеги жалбырактын деңгээлине жетип калганбы!

Интернет баракчаларында, (прямой эфир) жана көңүл ачуучу программаларга конок болуп барган кезде, өзүнүн ички сүйлөө маданиятынан дагы, Улуттук сөз атасын сыйлоо маданиятыбызды тепселеп жаткандыгы өкүндүрөт. Юмор тартуулоочу жагынан карайын десең биздин элге таанымал юморист азаматтарыбыз деле маданияттуу, элге пайдалуу жагын көргөзүшөт сөзсүз эле (ак ит кирип, көк ит чыккан) сөздөрдү колдонуп эмес! Ал адамдын жеке өнөрүн, көп кырдуу талантын сыйлайм, бирок ошол талантты маданияттуу колдоно билсе дегеним.

"Келечек жаштардын колунда" - дейбиз! Жаштарга эмне кылып берип атабыз! Бирок азыр маалымат алуу каражаттарынын өнүккөн заманында, жаш муундардын ушундай жеңилдиктерди үлгү тутуп жаткандыгы жакшы жөрөлгө эмес, андан жаштар ууланган абадан дем алып жатканга тете, убакыттын өтүшү менен баалулуктарыбыз бийикке кастарланбай калат! 

Ошондуктан эл көзүнө жүргөн адам, баардык жагынан караганда үлгүү болууга тийиш!  Азыр учубуз кур эмес, кыргыздын желегин бийик көтөргөн, маданият, спорт, билим, ж.б тармакта уул-кыздарыбыз көп. Аларды эмне үчүн, баарында барктап, бийикке көкөлөтүп, өз кучагыбызга албайбыз. ММК өкүлдөрүнөн сураанарым, "жеңил-желпи, ажырашып кетти, мындай-тигиндей тамак жеп жатат", - деп салмаксыз маалыматты желеге чыгарбай, үлгү тутчу Кыргыздын уул-кыздарынан чыгаргылачы.

Акыркы убакта, баардыгы эле шоу болуп калды! Өлкөбүзгө кызмат кылган, атуулдарыбыз канчасы мамлекет тарабынан көңүл бөлүнбөй жарыбас маяна менен иштеп жүрүшөт, ал инсандарды көтөрсөңөр болбойбу! Көңүл ачуучу программалардын жетекчилери, чакырылган коноктун, жана программаларыңарга ички тыюу салынган этика киргизгилечи.

Эл көзүндө жүргөн, улуттук баалулуктарыбызга пайда-зыяны тийе турган инсандарга, Маданият минстирлиги тарабынан көзөмөл жүргүзүлбөгөнү өкүнүчтүү!

Мааданбек Таалайбек уулу 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости