www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

11-декабрда УКМКнын А.К.Бакаев атындагы академиясында "Маалыматтык коопсуздукту камсыз кылууда жасалма интеллекттин жана маалыматтык технологиялардын ролу" аттуу темада актуалдуу маселе боюнча тегерек стол өткөрүлдү.

Иш-чарага маалыматтык технологиялар жаатында иштеген мамлекеттик органдардын, илимий-изилдөө жана билим берүү мекемелеринин, атап айтканда, КР Улуттук илимдер академиясынын, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын, Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун, КР Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Киберкоопсуздук боюнча координациялык борборунун, КР Куралдуу күчтөрүнүн СССРдин Баатыры генерал-лейтенант К.Үсөнбеков атындагы Аскер институтунун, КР Ички иштер министрлигинин Академиясынын, И.Раззаков атындагы КМТУнун жана Ж.Баласагын атындагы КУУнун өкүлдөрү катышты.

Тегерек столдун максаты санариптик технологиялардын тез өнүгүшүнөн келип чыккан коркунучтарды талдоо, ошондой эле улуттук маалымат коопсуздугун жакшыртуу үчүн жасалма интеллектти (ЖИ) колдонуунун мүмкүнчүлүктөрүн аныктоо болду.

Жолугушууда жасалма интеллекттин учурдагы өнүгүү тенденциялары жана алардын санариптик коопсуздукка тийгизген таасири; чоң маалыматтарды жана интеллектуалдык алгоритмдерди колдонуу менен байланышкан тобокелдиктер жана коркунучтар; укук коргоо органдарында жана атайын органдарда жасалма интеллектти колдонуу мүмкүнчүлүгү жана киберкоргонуу жана маалыматты талдоо жаатында жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоо зарылдыгы сыяктуу негизги маселелер каралды.

Жыйындын катышуучулары жасалма интеллект технологияларын маалыматтык коопсуздук процесстерине интеграциялоо менен коркунучтарды алдын ала айтуу, автоматташтырылган мониторинг жүргүзүү жана кибер окуяларга жооп кайтарууну жакшыртуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачарын белгилешти. Аны менен катар, жасалма интеллектти кеңири жайылтуу укуктук жоболорду, этикалык стандарттарды жана маалыматтык системанын бекем коопсуздугун сактоону талап кылаарын кошумчалашты. 

Тегерек столдун жыйынтыгында жасалма интеллект жаатындагы илимий изилдөөлөрдү өркүндөтүү, адистерди практикага багытталган окутууну күчөтүү жана маалыматтык коопсуздук жаатында мекемелер аралык кызматташтыкты кеңейтүү боюнча сунуштар каралды.

УКМК Академиясы улуттук маалымат мейкиндигин коргоо жана алдыңкы технологияларды ишке ашыруу маселелерин талкуулоо үчүн эксперттик аянтча түзүү боюнча ишин улантат.

Последние новости