www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Маршруттук таксилердин айдоочулары эртең линияга чыгууну көздөбөйт. Бул тууралуу Kaktus.mediaга айдоочулардын бири билдирди.

Анын айтымында, шаар бийлиги жол кирени көтөрүү маселесин сентябрь айына жылдырганына айдоочулар канааттанган жок. Маалымат булагы билдиргендей, айдоочулар зарыл болгон учурга чейин иш таштоого ниеттенүүдө. Болжолдуу түрдө, ушул жуманын ичинде айдоочулар линияга чыгууну көздөбөйт.

Белгилей кетсек, бүгүн, 2-июнда борбор калаада маршруттук таксилердин айдоочулары жол кире акысын көтөрүп берүү талабы менен иш ташташкан. Буга байланыштуу коомдук транспорттун тартыштыгы байкалууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости