www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Алишер Имамов «Медиа жана маданият» коомдук бирикмесинин төрагасы:
Кыргызстанда “Маариф” фондунун мектептерин ачууга кандай карайсыз? Түркиянын мамлекеттик билим берүү мекемелерине ишенсек болобу?
Бүгүнкү күндө Кыргызстан үчүн эң татыктуу кадрларды ыңгайлуу шарттарда окутуп жаткан эң негизги окуу жайлардын бири Кыргыз-Түрк Манас Университети болуп саналат. Бул университет Түркия тарабынан каржыланат жана Түркиядагы мамлекеттик жогорку окуу жайларынан айырмаланбайт. Президентибиздин өзү да айткандай, Кыргызстандагы коррупция аралашпаган жалгыз университет, бул университет. Ушунча жылдан бери бул окуу жайы Кыргызстан үчүн маанилүү кадрларды жетиштирип жаткан болсо демек Түркиянын мамлекеттик билим берүү мекемелерине ишенүү керек. Ошондой эле, Кыргыз-Түрк Мамлекеттик Анадолу лицейи, Кыргыз-Түрк Анадолу кыздар кесиптик лицейи ж.б. да Түркиянын мамлекеттик окуу мекемелери эсептелинет. Ал жерде жаштарыбыз татыктуу билим жана тарбия алып жатышат деп ойлойм.
Ал эми биринчи суроого келе турган болсок, Кыргызстанда Маариф фондунун мектептери ачылышы керек деп эсептеймин. Мисалы, Манас университети болбосо таланттуу, бирок үй-бүлөсү экономикалык жактан кыйналган жаштарыбыздын көпчүлүгү жогорку окуу жайда окуй алмак эмес. Азыр да өзүбүздүн билим берүү системабызда кемчиликтер сезилип турган учурда эл өз балдарын жакшыраак окутуусу үчүн жеке-менчик окуу мекемелерине жиберип жатат. Аларда болсо баалар аябай кымбат. Т.а., байлардын балдары гана окутулуп жатат. “Маариф” фонду болсо дагы ыңгайлуураак шарттарда окутуу кызматын берээрин айтып жатат. Эми, бул фонддун Кыргызстандагы ишмердүүлүгүн токтотуу керек деп ызылдап жаткандарды да түшүнүү керек: “Маариф” фонду мектептерин ачса элде альтернатива пайда болот жана алардын жерге көккө баткыза албай мактап жатышкан мекемелерине балдар азыраак бара баштайт. Эки өлкө башчылары кол койгондон кийин ким эмне деп ыйласа деле ачылат да...
Булак: NazarNews.kg