www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда 1 жашка чейинки 12 наристеден коронавирус аныкталган. Бул тууралуу бүгүн, 14-майда өкмөттөгү онлайн брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Брифингдин жүрүшүндө «Наристелер COVID-19 вирусун кантип жуктурган?» деген суроо узатылды.

Суроого Каратаев: «Менин оюмча аларга чоңдордон жуккан. Буга чейин симптому жок ооругандар бар экени айтылган. Мунун бирден бир себеби – оорусу симптомсуз өтүп жаткан жакындары менен байланышта болуу. Мындан тышкары мунун бардыгы иммунитетке байланыштуу. Бардык жарандар арасында көзөмөлдү күчөтүү керек. Айрыкча балдар арасында», - деп жооп берди.

Министрдин маалыматына ылайык, республика боюнча вирусту 15 жашка чейинки 147 бала жуктурган.

Булак: NazarNews.org

Последние новости