www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сейил Маданбекова Бишкек шаардык мэриясынын иштен кетиргенин мыйзамсыз болгон деп кайра жумушка алуу талабы менен Бишкектин Ленин райондук сотуна кайрылып, утуп алган. Бирок мэрия ал чечимге макул болбой, шаардык сотко апелляциялык арыз менен кайрылган.

Бул ишти шаардык соту 24-майда карап, Маданбекованы иштен бошотуу тууралуу буйрукту мыйзамсыз деп таап, иштебей калган күндөрү үчүн шаар башкармалыгы ага 50 миң 400 сом төлөп берүүгө милдеттендирген. Бирок аны жумуш ордунда калтыруу тууралуу арыз канааттандырылган жок. Маданбекова соттун бул чечимине нааразы болуп, Мэрияны Жогорку Сотко бергенге белсенүүдө. Ал боюнча Сейил Маданбекова:

«Соттун чечимин кечээ эле алдым. Карасам, «кайра барып иштесин» деп жазылбаптыр. Буга чейин Ленин райондук соту токтоосуз жумуш орду калыбына келтирилсин деген өкүм чыгарган болчу. Мен мэрияга сынак аркылуу келгем» дейт.

Андан тышкары, Маданбекова иштебей калган күндөрү үчүн ага акча төлөө (50 миң 400 сом) боюнча соттун чечимине макул эмес. Анын айтымында, былтыр ноябрдан бери алган маянасы 200 миң сомго жакын болгон.

Эскерте кетсек, Маданбекова буга чейинки берген маегинде иштен бир да жолу сөгүш албаганын, жаңы аппарат жетекчиге жоолугу жакпай калганын, кызмат орду эле керек болгонун айткан. Ал эми Мэрия кызматкерлери Маданбекованын айткандарын четке кагып, иштен кеткенин мыйзамдуу деп эсептеп, жумушка жоопкерчиликсиз мамиле кылган дешүүдө.

Маданбекованын арызын Жогорку Сот кандай чечет, ким билет?!

Назира Саалиева

Булак: NazarNews.kg

Последние новости