www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги 9-сентябрь “Комуз күнүнө” карата  2020- жылдын 7- сентябрынан 13 – сентябрына чейин “Комуз жумалыгын” жарыялайт. Учурдагы эпидемиалогиялык абалды эске алуу менен жумалык онлайн форматта өткөрүлөт.

Программада, залкар комузчуларды эскерүү, салттуу музыка өнөрүн алып жүрүүчүлөрдүн жана комузчулардын катышуусу менен илимий-практикалык конференция, залкар жана жаш комузчулардын катышуусу менен “Таңшы комуз” онлайн концерти жана видео сабактар өтүп, ал  “Маданият.Тарых.Тил”  каналы жана Маданият, маалымат жана туризм туризм министрлигинин фейсбук баракчалары аркылуу түз көрсөтүлөт.

Программа  

 
Күнү Убактысы Иш чаралардын аталышы
 I 07.09.20

10:00-  16:00

 

 

 

 

“Күү  залкарларын  эскерүү”

 

Карамолдо, Ыбырай, Токтогул, Ниязалы, Чалагыз, Атай, Шекербек  ж.б.

 II. 08.09.20 16.00 “Комуз  күүлөрүнүн өнүгүү тенденциялары” илимий конференция
III. 09.09.20 17.00 “Таңшы комуз”  Онлайн  Гала-концерт.
IV. 10.09.20 Күнү бою Комуз менен ырдайбыз! Онлайн акциясы
V. 11.09.20 16.00

“Залкар комузчулардын табериктери”

 

Залкар комузчулардын комуздары тууралуу баян. Онлайн көргөзмө сабак.

VI. 12.09.20 11.00 Атай Огомбаевдин 120 жылдык мааракесине карата  флешмоб “Маш ботой”
       

Маданият министрлиги республикадагы бардык жарандарды аталган жумалыкка активдүү катышуу менен, Фейсбук жана инстаграмм аккаунттарга #ТаңшыКомуз хештегин колдонуу менен видео жарыялоого чакырат.

Белгилей кетсек, “Комуз күнү” майрамы Кыргызстан элин биримдигин бекемдөөгө,  коомчулукту бириктирүүгө багытталып,  этностук коомчулуктун маданияттар  аралык диалогун кеңейтүү максатында Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен 2019- жылы кабыл алынган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости