www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жакында Кыргызстанда концерт, спектакль жана башка маданий иш-чараларга билеттерди “Түндүк” платформасы аркылуу онлайн сатып алуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт.
Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” медиадолбоорунун алкагында өткөн жыйында билдирди.
Жыйында маданият тармагын санариптештирүү жана бирдиктүү электрондук билет системасын киргизүү маселелери талкууланды.
Министрликтин маалыматына ылайык, жаңы система “Түндүк” платформасы менен интеграцияланып, жарандарга билеттерди онлайн сатып алууга шарт түзөт.
Мындан тышкары, система аркылуу билеттерди жакындары үчүн да сатып алуу мүмкүн болот. Долбоор билет сатуудагы ортомчуларды азайтып, комиссиялык төлөмдөрдү төмөндөтүүнү көздөйт.
Министрдин айтымында, учурда жеке платформалар билет сатуу үчүн 10–12 пайызга чейин комиссия алса, мамлекеттик системада бул көрсөткүч 1–3 пайыздын тегерегинде болот.
Электрондук билет системасын быйыл сентябрь айында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алдында сыноо иретинде ишке киргизүү пландалууда.
Ал эми долбоорду өлкө боюнча толук ишке киргизүү 2026-жылдын декабрь айына каралган.