www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Социалдык тармактарда тараган «Кемин-Ордо» комплексинде төө куштар талапка жооп бербеген шартта багылып жатканы тууралуу видео боюнча текшерүү жүргүзүлдү.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй регионалдык башкармалыгынын инспекторлору жеринде текшерүү жүргүзүп, жаныбарларды кармоо талаптары бузулганын аныкташты.

Текшерүүнүн жыйынтыгында комплекстин ээлерине карата административдик чаралар көрүлүп, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык айып пул салынды.

Министрликтин маалыматына караганда, текшерүүдөн кийин аныкталган кемчиликтер тез арада жоюлган.

Төө куштар кармалган аймак тазаланып, алардын жашоо шарттары талапка ылайык келтирилген.

Ошондой эле канаттуулар жетиштүү өлчөмдө тоют менен камсыздалып, толук кандуу азыктана баштаганы белгиленди.

Последние новости