www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев Ага Хан маданият боюнча Трасттын (AKTC) башкы директору Луис Монреаль менен жолукту.
Жолугушуу 30-сентябрда өттү.
Тараптар маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүү, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана улуттук искусствону өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.
Ошондой эле жаштардын чыгармачылык потенциалын колдоо, Кыргызстандын тарыхый-архитектуралык мурастарынын абалын эксперттик баалоо жана аларды сактоо багытындагы кызматташтыкты улантуу маселелери каралды.
Министр Мирбек Мамбеталиев Ага Хан маданият боюнча Трасттын эл аралык тажрыйбасын Кыргызстандын маданиятын өнүктүрүүдө жана өлкөнүн маданий потенциалын чыңдоодо колдонуунун маанилүүлүгүн белгиледи.
Өз кезегинде Луис Монреаль биргелешкен демилгелерди иштеп чыгуу жана ишке ашырууда методологиялык жана эксперттик колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар маданий мурастарды сактоо, өнүктүрүү жана эл аралык деңгээлде таанытуу багытында кызматташтыкты улантууга макулдашты.