www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги бош кызмат орундарга сынак жарыяланганын билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош шаарындагы "Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексине, Таластагы "Манас-Ордо" комплексине жана Бишкектеги Чолпонбек Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайына башкы директорлор жумушка алынат.

Кызматка барууну каалагандар төмөнкү талаптарга жооп бериши зарыл:

гуманитардык, педагогикалык, экономика жана башкаруу, маданият жана искусство жаатында жогорку кесиптик билими;

тиешелүү жаатта иш тажрыйбасы беш жылдан кем эмес же жетекчилик кызмат орундарында иш тажрыйбасы үч жылдан кем эмес болушу шарт;

илимий даражасынын болушу артыкчылыктуу.

"Сулайман-Тоо" жана "Манас-Ордо" комплекстерине жумушка орношууну каалагандар документтерин Маданият министрлигинин адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнө 2024-жылдын 20-августуна чейин тапшырышы керек. Ал эми Бишкек хореографиялык окуу жайына башчы болууну каалагандар документтерин 26-августка чейин тапшырса болот.

Байланыш телефону: +996 312 662683.

Последние новости