www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Күн мурун социалисттик эмгектин баатыры Орозакун Мамбетакунов 84 жаш курагында дүйнө салды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Ал 33 жашында эң жогорку даражадагы Кыргыз Республикасынын Социалисттик эмгектин баатыры наамына татыган.

Орозакун Мамбетакунов 1940-жылы 5-октябрда Ат-Башы районунда кедей-дыйкандын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген.

1957-жылы Баш-Кайыңды орто мектебин бүтүрүп, 1960-жылы Ача-Кайыңдыдагы СССРдин 50 жылдыгы совхозунда малчы болуп эмгек жолун баштаган. Ал ар бир ишти так аткарууга болгон аракетин жасаган, чынчылдыкты туу туткан кызматкер болгонун анын жасаган иштери далил боло алган. Өз ишинде көп узабай малдын санын көбөйтүүдө жана жүн алууда жогорку денгээлде көрсөтүп, башкы чабан болуп кызматы жогорулаган.

Башка чабандардан айырмаланып ар 100 койдон 140-160тан козу, ар бир койдон 4-5 килограммдан жүн кыркып алган.

Мындай тынымсыз аракеттин артында чабандардын арасынан эң мыкты көрсөткүчтөрдү берип, 33 жаш курагында “Социалисттик эмгектин баатыры” болуп, Кыргыз ССРинин “Мал чарбасына эмгек сиңирген устаты” наамына татыган.

Жалпылап айтканда, Орозакун Мамбетакунов сапаттуу айыл-чарба продукциясын өндүрүүдө зор ийгиликтерди жаратып, “СССРинин Мамлекеттик сыйлыктарынын Лауреаты” , Нарын облусунун, Ат-Башы районунун “Ардактуу атуулу”, көп жылдар бою СССРдин Жогорку Советинин депутаты болгон. Ошондой эле анын жасаган ак эмгегинин натыйжасында «Ленин» орден менен да сыйланган.

Бүгүнкү күнгө чейин районубуздун кадырлуу, ардактуу аксакалы болуп келген. 2024-жылдын 14-августунда 84 жашка чыгып, узакка созулган оорудан улам көз жумган.

Ал жубайы экөө 5 кыз, 2 уулга татыктуу тарбия, жогорку билим беришкен.

Последние новости