www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарынын Ленин РИИБсинин начальниги, курсагы кучак Мадияр Кулуевди биз бир курдай сындагандан кийин жумушка эрте келип, кайра өз убагында кетип атканына күбө болуудабыз. Баштагыдай той-аштарды шылтоолоп, жалкоолоно иштен качпай калыптыр. Турмуш ушундай да, сын-пикир адамды чыйралтып, аз да болсо оңолууга жол ачат эмеспи.
Эми-и, Мадиярдын ишке келүү тартиби оңолгону менен ушак айтмайы, интрига жүргүзмөйү токтобой атат да. Эки орун басарын артынан жамандап, шыбап атканы кандай? Эгерде ошол орун басарлары болбосо Ленин РИИБси реалдуу көрсөткүчтөрдүн алкагында 2-орунду камсыздайт беле?
Натыйжада, Кулуевге дагы кулак кагыш кылабыз, өздүк курамды ичтен иритпеңиз, ушакты токтотуңуз, эгерде мындай темп менен кете берсеңиз, бир күнү көчүккө тебилип, талаада каласыз! Чын эле, сизди жогорку жетекчилик карап турат, баардык кыймыл-аракетиңиз көзөмөлдө.
Булак: "Азия Ньюс"