www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баткенде тажик аскерлеринин аткылоосунан каза болгон 12 жаштагы окуучу кыз, Лейлектин тургуну Мадина Рахматжанованын атасы Наимжан Абдуллов "Кызымды жоктоп боз үйдө жалгыз отурам" дейт.
--"Кызымды, Мадинамды кечээ жерге бердим...(ыйлап). Аялым менен кичүү кызым азыр Бишкекте ооруканада жатат. Бул жакта жалгыз боз үйдө куран окутуп отурам.
Каргаша болгон күнү мен ишке кеткем. Аялым эки кызым менен Интернационал айылындагы үйүбүздө болчу. Аялым "эшикке чыксак, үйдүн чатырына бир нерсе катуу атылып, кулагым тунуп калды" деди. Кыйкырып, жардамга чакырса эч ким келбептир. Эки кызын жетелеп, үйдөн чыгып, качып баратканда алдынан миномет атылыптыр. Улуу кызым жолдо ошол жерде жатып калыптыр. Кичүү кызыма, аялыма да тийип, апасы кичүүсүн көтөрүп, улуусун карап нес абалда болгон экен.
Ок тынбай атылгандыктан аялым улуу кызыма көпкө чейин бара албай жатыптыр. Үчөөнү тең Исфанадагы ооруканага алып барышкан экен. Кызым жолдон үзүлүптүр. Аялыма операция жасалып, наркоз тараганда жанына кирсем, кызын сурай баштады. Кантип ага Мадинабызды жоготконумду айтат элем... "Балдар бөлүмүндө жатат" дедим. Суук кабарды бир күндөн кийин угуздук. Экөөнү Бишкекке ооруканага учак менен алып кетишти. Мен кызымдын сөөгүн моргдон чыгарып, айылга жерге бергени алып келдим", - дейт Наимжан Абдуллов.
Булак: NazarNews.kg