www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Максат Мамытканов менен Темирбек Асанбеков Евразиялык экономикалык комиссияда министр болушат. Бул туурасында ЕЭКтин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, алардын талапкерлигин Евразия экономикалык союзга мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчылары Казандагы отурумда колдошкон.
Эми алардын талапкерлиги Евразиялык экономикалык жогорку кеңешке киргизилет.
Мамытканов Олег Панкратовдун ордуна ЕЭКтин бажы жаатындагы кызматташуу боюнча министри, ал эми Асанбеков Эмил Кайкиевдин ордуна энергетика жана инфраструктура боюнча министри кызматты аркалашы мүмкүн.
Эске салсак, Мамытканов менен Асанбеков 2020-жылы октябрь ыңкылабынын катышуучулары. Мамытканов азыркы президент Садыр Жапаров өкмөттү жетектеп турганда бир нече ай вице-премьерлик кызматта турса, Асанбеков октябрдагы парламенттик шайлоого катышкан.
Булак: NazarNews.kg